Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:26

Мэрия пластик өрттөгөндөр жазага тартыларын эскертти


Бишкек. Архивдик сүрөт.
Бишкек. Архивдик сүрөт.

Бишкек мэриясы шаар тургундарына кайрылып, зыян нерселерди өрттөөгө тыюу салынганын, бул үчүн жаза чарасы каралганын эскертти. Санитардык-экологиялык инспекциянын кайрылуусу 18-ноябрда борбор калаанын расмий сайтына жарыяланды.

Анда түтүндөн чыккан оор химиялык заттар абага барып кошулары, анын баары шаар тургундарынын ден соолугуна зыян тийгизип, атмосферанын сапатын начарлатып жатканы белгиленди.

Пластик, резина буюмдарын, тигүү цехтеринин таштандысын өрттөп же отун катары жагып жаткандар болсо ар бир райондогу инспекцияга (Свердлов району: 0551551745, Октябрь району: 0505523832; Биринчи Май району: 0555404818 жана Ленин району: 0554222213) чалып кабарлоо керектиги айтылды.

Мыйзамда жазылгандай, мындай фактылар аныкталса 7-23 миң сомдон айыппул салынат.

Бишкекте соңку жылдары кыш башталганы шаарды ыш каптап, аба булганганы олуттуу көйгөй болууда.

15-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өткөргөн жыйында борбордогу ыш маселеси көтөрүлүп, шаар башкармалыгы менен биргеликте экологиялык маселелерди чечүү ишин күчтөндүрүү тапшырмасы берилген.

17-ноябрда өкмөт Бишкекте абанын булганышы боюнча көйгөйдү иликтөө, элдин ден соолугун коргоо жана маселени чечүү чараларын ыкчам иштеп чыгуу боюнча мекеме аралык өзгөчө комиссия түзгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG