Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:08

Орусиянын Пермь облусунда беш киши аракка ууланып каза болду


Тергөө комитетинин кызматкерлери жасалма алкоголдук ичимдиктердин кампасында. Архивдик сүрөт
Тергөө комитетинин кызматкерлери жасалма алкоголдук ичимдиктердин кампасында. Архивдик сүрөт

Орусиянын Пермь облусунда беш киши жасалма аракка ууланып каза болду. Тергөө комитети 18-ноябрда билдиргендей, бир үй-бүлөдөн 3 киши жана алардын 2 кошунасы алдынкы күнү алкоголь ичимдигин ичкенден кийин каза тапты. Комитет “эки же андан көп кишинин өлүмүнө алып келген коопсуздук нормаларына дал келбеген продукт сатуу” беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Ошол эле күнү Казан шаарында полиция курамында метанол (уулуу техникалык спирт) бар ичимдикти жасап саткан деген шек менен 2 киши кармалганын билдирди.

Мындан 2 күн мурун шаарда 15 студент арак ичкенден кийин уулануу белгилери менен ооруканага жаткырылган. Үчөөнүн абалы оор деп кабарланууда.

Өткөн айда Орусияда Сведлов, Курган жана Оренбург аймактарында жасалма арактан 70тен ашуун киши көз жумган.

Өлкөдө арзан алкоголь сатып алууну каалагандар ууланган учурлар көп жолугат.

2016-жылы Иркутск шаарында 78 киши “Боярышник” деген лосьонду ичкенден кийин каза тапкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG