Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:33

БШК Камчыбек Жолдошбаевди шайлоодон четтетти


Камчыбек Жолдошбаев.
Камчыбек Жолдошбаев.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 18-ноябрдагы отурумунда Бишкек шаары боюнча №26 Ленин округунан парламенттик шайлоого талапкер Камчыбек Жолдошбаевдин каттоосун жокко чыгарып, шайлоодон четтетти. Бул чечимди Боршайкомдун 11 мүчөсү бир добуштан колдоду.

Жыйында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитет (УКМК) Камчыбек Жолдошбаев шайлоочулардын добушун сатып алганын, ал бул ишти кудасы Муктарбек Сыдыков аркылуу ишке ашырганын билдирди.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Сыдыков 16-ноябрда төрт шайлоочуга 8 миң сомдон берген. Тинтүү маалында шектүүнүн автоунаасынан 39 миң сом табылган. Ал 17-ноябрда Жазык кодексинин "Шайлоочуларды сатып алуу" беренесине шек саналып УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Ошол эле күнү Жолдошбаевдин үгүтчүлөрүнүн үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, 138 миң сом жана шайлоочулардын тизмеси табылган.

Камчыбек Жолдошбаевдин БШКдагы өкүлү Урмат Орозкулов Муктарбек Сыдыков Камчыбек Жолдошбаевдин үгүтчүсү катары каттоодон өтпөгөнүн, ал бул иштерди өз алдынча эле кылышы мүмкүн экенин айтты. Ошондой эле добуш сатып алуу боюнча иш сотко өтө электигин кошумчалады.

Камчыбек Жолдошбаев - азыркы Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутаты. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин мүчөсү.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. (BT0)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG