Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 21:49

Жапаров Мишустин менен салык жана бажыны санариптештирүүнү сүйлөштү


Акылбек Жапаров жана Михаил Мишустин.

Кыргызстан "жакыр өлкө синдромунан" баш тартуу үчүн колдогу бардык ресурстарды пайдаланууга умтулуп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолугушканда айтты.

Жолугушуу 18-ноябрда Армениянын баш калаасында болгонун Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар салык жана бажы органдарынын ишин санариптештирүү, анын ичинде салык башкаруу тутумун техникалык жана программалык өнүктүрүүнү талкуулашты.

"Биз үчүн Орусиянын салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруудагы тажрыйбасы абдан маанилүү. Жакын арада бюджеттин киреше бөлүгүн салык жана бажы башкаруу тутумун толук санариптештирүү жолу аркылуу жогорулатууну көздөп жатабыз", - деди Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары, өкмөт башчылар соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагындагы биргелешкен ишти жана Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ишин активдештирүүнү талкуулашты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG