Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:38

Беш жыл жабык турган Улуттук тарых музейи ачылды


Музейдин ачылыш аземи
Музейдин ачылыш аземи

Бишкекте беш жыл бою жабык турган Улуттук тарых музейи 19-ноябрда салтанаттуу түрдө ачылды. Расмий ачылыш аземи театрлаштырылган иш-чара менен коштолду.

Жарандар 20-ноябрдан баштап музейди көрүүгө барса болот. Алгачкы он күндө кирүү акысыз экенин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирген.

Жаңыланган музейге байыркы таш доорунан баштап Кыргызстандын эгемендик алганга чейинки тарыхын чагылдырган эстеликтердин түп нускалары коюлган. Немис адистери аларды заманбап технологияда жасалгалап, экспонаттар мультимедиалык жабдууларга тутушкан.

2016-жылы оңдоо иштерине байланыштуу жабылган музей коррупцияга байланыштуу талаштуу жагдайлардан улам жана сот иштерине байланыштуу ушул күнгө чейин ачылбай турган.

Аталган музей 1926-жылы Кыргызстандын Борбордук музейи катары М.В. Фрунзенин ата-энесинин мурдагы үйүндө негизделген. Уюштуруучусу жана алгачкы директору - этнограф Саул Менделевич Абрамзон болгон.

Анын негизинде 1936-жылы өз алдынча Мамлекеттик чөлкөм таануу музейи түзүлгөн. 1943-жылдан кийин музейдин базасында улуттук маданият музейи менен Табият музейи (азыркы Зоология музейи) түзүлгөн.

Улуттук маданият музейи 1954-жылдан "Кыргыз ССР мамлекеттик тарых музейи" деп аталган. 1973-жылдын 28-декабрында музейдин тарыхында кызыктуу жаңы жана туруктуу экспозиция ачылган. 3500 чарчы/метр аянтты ээлеген 45 залга Кыргыз Республикасынын байыркы палеолит доорунан баштап эгемендик доорго чейинки тарыхын чагылдырган эстеликтердин 10 миң түп нускасы коюлган. Бул экспозиция илимий мазмуну жана көркөмдөлүшү боюнча Борбор Азия аймагындагы музейлердин эң мыктысы деп табылган. (MZh)

XS
SM
MD
LG