Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Базар-Коргондо мамлекеттик кызматкер "Ата-Журт Кыргызстан" партиясына иштегени аныкталды


"Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Базар-Коргон бөлүмүнүн башчысы парламенттик шайлоого катышып жаткан "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын пайдасына иштегени аныкталды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 19-ноябрда ушундай билдирүү таратты.

Бөлүм башчы партиянын тизмесиндеги талапкердин үгүт иштерине катышканы айтылууда.

Базар-Коргон райондук Ички иштер бөлүмү бул фактыны 10-ноябрда каттап, үгүттөө фактысы тастыкталган. УКМКнын басма сөз кызматы бөлүм башчынын иши тергелип жатканын, анын жыйынтыгына жараша чара колдонуларын билдирди.

Райондун акими "Кадастр" ишканасынын филиаланын башчысына "катуу сөгүш" жарыялады.

Кыргызстандын жогорку бийлиги парламенттик шайлоого аралашкан мамлекеттик кызматкерлер жумуштан эле алынбастан, жоопкерчиликке да тартыларын айтып келүүдө. Ушундай жүйө менен бир катар чиновниктер кызматтан алынды.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Үгүт иштери 29-октябрда башталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG