Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

БШК алдында Равшан Жээнбековду шайлоого катыштыруу талабын койгон акция өттү


Өндүрүш Токтонасыров. 2021-жылдын 19-ноябры.
Өндүрүш Токтонасыров. 2021-жылдын 19-ноябры.

Бүгүн 19-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) алдында камактагы оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбековду шайлоого катыштыруу талабы менен акция өттү. Аны жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров уюштурду:

“Азыр деле кеч эмес, 8-9 күндүн аралыгы калды. Ал шайлоочулар менен таанышып, программасын элге тааныштыруусу үчүн мүмкүнчүлүк түзүп бериши керек Боршайком эгер акыйкаттуулукту, принциптүүлүктү тута турган болсо”.

Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт, 27-октябрда Жээнбеков талапкер болуп катталган, бирок үгүт жүргүзүү үчүн абактан бошотула элек.

БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов шайлоо органы өз чечимин кабыл алганын, мындан аркы тагдыры соттун колунда экенин 28-октябрда билдирген:

"Берилген документтери мыйзамга шайкеш келгени үчүн каттадык. Анын камактагы мөөнөтү, башка маселелер боюнча биздин мамлекеттик органдар чечет. Ал тууралуу биз эч нерсе деп айта албайбыз".

Равшан Жээнбеков 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, камакка алынган. “Жарандык көзөмөл комитети” уюму аны саясий туткун деп тааныган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда бошотулган, бирок кийин "үй камагынын талаптарын бузду" деген негизде быйыл 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алынган.

Ал өзүнө коюлган айыпты саясий куугунтук деп атап келет.

Жээнбековдун таламын талашып 18-ноябрда БШКга аны менен бир округдан катталган жети талапкер да кайрылышкан. Алар Жээнбековдун шайлануу укугун камсыз кылууну жана башкалар менен бирдей шартта үгүт жүргүзүүсүнө шарт түзүп берүүнү суранышкан.

Активист Токтонасыров Жээнбековдун маселесине көңүл буруу талыбы менен 17-ноябрда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги кеңсесинин алдында да акция өткөрүп, “Саясий туткун кыйноодо”, “Депутаттыкка талапкердин укугу бузулууда” деген жазууларды кармап чыккан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG