Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:44

Германия менен Нидерланд "Талибан" өкмөтүнө өкүлдөрүн жиберди


Ооганстан. Германиянын жана Нидерланддын атайын өкүлдөрү Кабулга барып, "Талибан" өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Мутаки менен жолугушкан учуру.
Ооганстан. Германиянын жана Нидерланддын атайын өкүлдөрү Кабулга барып, "Талибан" өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Мутаки менен жолугушкан учуру.

Ооганстанда быйыл 15-августта бийликти басып алган "Талибан" (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) өкмөтүндөгү тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Aмир Хан Mутаки Германиянын атайын өкүлү Жаспер Вик жана Нидерландынын атайын өкүлү Эмиел де Бонт менен бейшембиде Кабулда жолукту.

Жолугушууда гуманитардык жардам жеткирүү жана саясий кызматташтыктын келечеги талкууланды. "Талибан" кыймылы бийликке келген августтун ортосунан бери Батыш өлкөлөрү өз банктарындагы оогандардын каражатын чектеп, финансылык жардамды бууп салган.

Ушул тапта "Талибан" өкмөтү өлкөнүн калкын кантип багуунун аргасын издеп турган чагы.

Улуттар Уюмунун атайын өкүлү 38 миллион калктын 60% ачарчылыкка кабылганын, өлкө "гуманитардык апааттын" алдында турганын эскертти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG