Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:05

Румен Радев Болгарияда экинчи мөөнөткө президенттикке шайланды


Радев сүрөттүн борборунда.

Болгариянын президенти Румен Радев 21-ноябрда өткөн шайлоонун экинчи айлампасында атаандашы Анастас Гержиковду ири айырма менен жеңди. Софияда жарыяланган экзит-поллдун жыйынтыгына караганда, Радев добуштардын 66 пайызын, Гержиков 32 пайызын алды.

Радев 14-ноябрда шайлоонун биринчи айлампасында добуштардын дээрлик жарымын алган. Анын атаандашы - София университетинин ректору Анастас Гержиков 23% ээ болгон.

Бул өлкөдө төртүнчү жолу шайлоо уюштурулду. Апрель жана июль айындагы добуш берүүнүн жыйынтыгында парламентке өткөн партиялар Министрлер кабинетин түзүү боюнча орток пикир таба алышкан эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG