Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:47

Кыргызстанда модулдук вирусологиялык лабораториялар курулуп жатат


Курулуп жаткан лабораториялардын бири.
Курулуп жаткан лабораториялардын бири.

Кыргызстандын аймактарында Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында 10 модулдук вирусологиялык лаборатория курулуп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

"Бул лабораториялык диагностиканы жакшыртууга жана оптималдаштырууга, коронавирустун диагностикалык тесттеринин жеткиликтүү болушуна чоң салым кошот", - деп айтылат маалыматта.

Ысык-Ата, Сокулук, Жайыл райондоруна салынып жаткан лабораториялар 60% даяр. Ал эми Талас, Ноокат, Ноокен жана Каракол шаарындагылар 20% бүтүп калды. Жалал-Абад, Баткен шаарларына жаңыдан пайдубалы түптөлгөнү маалымдалды.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 24-ноябрдагы маалыматына караганда, өлкө боюнча инфекциядан үч адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө COVID-19дан көз жумгандардын расмий саны 2732 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 43 адамдан табылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG