Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

ЕККУнун парламентарийлери Кыргызстандагы шайлоого байкоо салат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) 60тан ашуун парламентарийлери Кыргызстандагы 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого байкоо салат.

Алар ЕККУ алдындагы Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (БДИПЧ) жана Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясы менен тыгыз кызматташтыкта байкоо жүргүзөт. Бул тууралуу маалымат ЕККУнун расмий сайтына жарыяланды.

Уюмдун учурдагы төрагасы Парламенттик ассамблеянын казыначысы Питер Юэль-Йенсенди (Дания) ЕККУнун кыска мөөнөттүү миссиясынын атайын координатору жана башчысы кылып дайындады. Жюэль-Йенсен буга чейин дагы бир катар байкоочу миссияларды, анын ичинде Кыргызстанда 2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясын жетектеген.

Хюэль-Йенсен 230 кыска мөөнөттүү байкоочулардан турган делегацияга видео кайрылуу жасап, алардын ЕККУнун бардык өлкөлөрү кабыл алган демократиялык милдеттенмелерине шайлоо процесстеринин шайкеш келүүсүн баалоого кошкон салымын баса белгиледи.

"Мен шайлоонун жыйынтыктары боюнча кыска жана узак мөөнөтүү байкоочулар миссиясы топтогон маалыматтардын негизинде объективдүү, бейтарап жана туура доклад даярдайбыз деп ишенем", - деген Йенсен.

Парламенттик ассамблеянын делегациясын Фара Карими (Нидерланд) жетектейт. Делегация Бишкек шаары жана ага жакын райондордо байкоо жүргүзөт. Ошондой эле узак мөөнөттүү байкоочулар өлкөнүн бардык аймактарына жиберилет.

Миссиясынын курамына жалпысынан 300 байкоочу кирген. Анын жетекчилиги добуш берүү күнүнүн эртеси, 29-ноябрда пресс-конференцияда шайлоонун кандай өткөнү тууралуу өз баасын берет.


Борбордук шайлоо комиссиясы жалпы жонунан 730 эл аралык байкоочу расмий катталганын 23-ноябрда кабарлаган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Жогорку Кеңештеги 90 орунга саясий партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат. Бир мандаттуу округдардан 321 талапкер катталып, 23-ноябрга карата 290дой талапкер калды.

Былтыркы шайлоонун жыйынтыгы элдин нааразылыгынан улам жокко чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG