Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Коронавирустан дагы үч киши каза болду


Коронавирус.
Коронавирус.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 24-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан үч адам каза болду.

Экөө тең эмдөөдөн өткөн эмес. Жалпысынан өлкөдө COVID-19дан көз жумгандардын расмий саны 2732 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 43 адамдан табылды.

  • Бишкек - 14
  • Ош шаары - 2
  • Чүй облусу – 11
  • Ош облусу – 3
  • Нарын облусу - 1
  • Ысык-Көл облусу – 8
  • Жалал-Абад облусу – 3
  • Баткен облусу - 1

Нарын облусунда ооруну жуктуруп алгандар катталган жок.


Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 183 миңге жакындап калды. Алардын 177 миңден көбү сакайды.

Азыр ооруканада 454 бейтап жатат, дагы 582 адам үйдөн дарыланууда.

Өткөн суткада эмдөөдөн 11 миңден ашуун адам өттү, алардын 5 миңге жакыны биринчи дозаны, 6 миңден ашууну экинчи дозаны алган. Эмдөө алган жарандардын саны Кыргызстан боюнча 2 миллионго жакындады.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG