Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:51

Орус элчиси мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамга тынчсыздануусун билдирди


Орусиянын Кыргызстандагы элчиси (оңдо).
Орусиянын Кыргызстандагы элчиси (оңдо).

Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко Кыргызстандагы “Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзам долбооруна тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу ал элчиликтин Instagram баракчасына жазган.

Элчи Орусия жаңы конституциялык мыйзам долбоорунун айланасындагы кызуу талкууга көз салып турганын жана долбоордун кабыл алынышы Баш мыйзамда расмий тил макамы бар орус тилинин "колдонуу чөйрөсүн кыскартат” деген кооптонуу бар экенин айткан.

"Мамлекеттик тил жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу жыйынтыкталды. Документ 22-октябрдан 22-ноябрга чейин коомдук талкууда турган.

Сунушталган конституциялык мыйзам долбоору мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамды жаңы Баш мыйзамга шайкеш келтирүү максатында жазылганы расмий маалымдалды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG