Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:56

Африканын түштүгүндө коронавирустун кооптуу түрү табылды


Коронавируска каршы вакцинанын дагы бир партиясы Түштүк Африкага жеткирилди. Архивдик сүрөт.
Коронавируска каршы вакцинанын дагы бир партиясы Түштүк Африкага жеткирилди. Архивдик сүрөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчилиги жума күнү Африканын түштүгүндө эксперттерди тынчсыздандырган SARS-CoV-2 коронавирусунун жаңы штаммы табылганына байланыштуу чукул жыйын өткөрөт.

Жыйындын аягында бул штаммды "кызыкчылык" же "кооптуулук" деңгээлинде коронавирустук вариациялардын тизмесине киргизүү чечими кабыл алынышы мүмкүн.

Бир катар адистер буга чейинки маалыматтарга таянып, B.1.1.529 штаммы мурда аныкталган бардык башка штаммдардан, анын ичинде "дельтадан" да коркунучтуу болушу мүмкүн деп эсептешет.

Окмуштуулардын айтымында, бул штамм вирустун тезирээк жайылышына жана иммундук реакцияны басып өтүүгө жөндөмдүү. Жаңы штаммга "азыркы учурда сайылып жаткан вакциналар таасир этпейт" деген кооптонуулар бар.

Британия жаңы штамм тууралуу кабарларга байланыштуу Түштүк Африка Республикасы жана анын коңшулары менен аба каттамдарын токтотту.

Сингапур менен Израил дагы чектөө чараларын киргизди.

Буга чейин Түштүк Африкада, Ботсванада жана Гонконгдо бир оорулуу саякатчыдан жаңы штамм табылып, андан жүздөгөн адамга жуккан учурлар ырасталган.

Жаңы штамм тууралуу билдирүүлөр Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө коронавирус тез жайылып, кырдаал кескин начарлаган учурга туура келди.

Көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Германияда, күн сайын вирус жуккандардын саны көбөйүүдө. Бирок каза болгондордун саны былтыркы күз жана кыш мезгилине караганда төмөн.

Орусияда соңку күндөрдө, расмий маалыматтар боюнча, коронавирус жуккан жаңы учурлар бир аз азайып, каза болгондордун саны күнүнө орточо 1200 адамга түштү.

Бир катар аймактарда эмдөөдөн өтпөгөн же эмделбегендер үчүн коомдук жайларга барууга байланыштуу чектөөлөр бар. Бийлик өлкө боюнча QR коддорду киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоодо.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG