Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:34

Кыргызстанда нандын баасы дээрлик 10 пайызга жогорулады


Улуттук статистика комитети республиканын 18 калктуу конушунда жүргүзүлгөн, социалдык жактан маанилүү азыктардын орточо бааларынын жыйынтыгын жарыялады.

Маалыматта 2021-жылдын 24-ноябрына карата нандын баасы өлкө боюнча орточо эсеп менен 52,76 сомду түзгөнү жана өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 9,9 пайызга жогорулаганы көрсөтүлгөн.

Ал эми тандыр нандын 1 килограммы 76,38 сомду түзүп, 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 18,1 пайызга өскөн.

Учурда нандын баасы Ноокатта (бир кг үчүн 69,57 сом), Токтогулда (бир кг үчүн 70,07 сом), Кара-Сууда (бир кг үчүн 75,63 сом) салыштырмалуу кымбат экени аныкталды. Ал эми минималдуу баалар Каракол (бир кг үчүн 41,73 сом), Токмок (бир кг үчүн 45,66 сом) жана Кара-Балта (бир кг үчүн 49,42 сом) шаарларында катталды.

Өткөн жылдын ушул датасына салыштырмалуу нанга болгон баа Талас (28,6%), Токтогул (25%) жана Кара-Балта шаарларында (15%) жогорулаганы байкалган.


Статкомдун буга чейин берген маалыматына караганда, 2020-жылга салыштырмалуу акыркы тогуз айда өлкөдө баа жана тарифтер 6,5% кымбаттады.

Кыргызстанда күйүүчү майдын кымбатташы азык-түлүктүн жана күндөлүк турмушка керектүү товарлардын наркына да таасир эткен.

Расмий түрдө жалпы инфляция 9,7% делгени менен айрым товарлар 50% чейин кымбаттады. Улуттук статистика комитети дүйнөлүк рыноктогу кымбаттоону эске алып 2021-жылдын экинчи жарымында да баа өсүшү ыктымал экенин эскерткен.

XS
SM
MD
LG