Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:54

Орусияда "Эхо Москвы" радиосуна айып салынды


"Эхо Москвы" радиосу.
"Эхо Москвы" радиосу.

Москванын Пресненск райондук соту "Эхо Москвы" радиосуна "чет элдик тыңчы" катары тааныткан эскертүүнү белгилебегени үчүн 160 миң рубль айып пул салды.

Радиостанциянын өзүнө төрт протокол түзүлүп, анын интернет баракчасына да төрт протокол жазылып, башкы редактору Виталий Рувинскийге берилди.

Октябрь айында Рувинскийге "чет элдик тыңчы" катары каттоого алынган бейөкмөт уюмдардын макамын эфирде белгилеп көрсөтпөгөнү үчүн 24 айып салынган.

Радиостанция эфирине жана сайтына "Дарыгерлер альянсы", "Мемориал" укук коргоо борборлору "чет элдик тыңчы" деген белгилөөсү жок чыкканы үчүн жазаланган.

Быйыл сентябрь айында Орусиядагы 150дөн ашык басма сөз каражаттары, бейөкмөт уюмдар, кайрымдуулук уюмдары "чет элдик тыңчы" деген мыйзамды жокко чыгарууну жактаган 257 миң кол топтогон.

Орусиянын Ички иштер министрлиги бул мыйзам күчүндө кала берерин, болбосо Батыш "жазасыз" калгандай сезим болорун билдирген. Федерациялык кеңештин төрайымы Валентина Матвиенко мыйзамга тактоолорду киргизүүгө мүмкүн экенин айткан.

XS
SM
MD
LG