Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

Кыргызстанда бүгүн көчмө добуш берүү жүрүп жатат


13 396 адам шайлоо тилкелерине барып, добуш бере албастыгын билдирген арыз менен кайрылган.
13 396 адам шайлоо тилкелерине барып, добуш бере албастыгын билдирген арыз менен кайрылган.

Кыргызстанда бүгүн, 27-ноябрда көчмө добуш берүү жараяны өтүп жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясы алдын ала тапшырылган арыздын негизинде 13 396 адам добуш бере турганын билдирди.

"Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо тууралуу" конституциялык мыйзамдын 33-беренесине ылайык, добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүгө шайлоочулардын тизмесине кирген, бирок добуш берүү үчүн шайлоо участкаларына келүүгө ден соолугуна же майыптыгына байланыштуу келе албаган шайлоочулар добуш берүүгө укуктуу", - деп жазылган БШК тараткан маалыматта.

Шайлоо күнү ооруканада жаткан, жабык жайлардагы жарандар, алыскы жана жетүүгө кыйын болгон райондордо, жайыттарда убактылуу жашагандар шайлоо күнүнөн мурда добуш бере алат. Бул үчүн алар алдын ала аймактык шайлоо комиссияларына арыз менен кайрылууга тийиш.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Жогорку Кеңештеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG