Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:20

Теледебат: эки лидер катышпаганы жана кара куурай темасы


Ахунбай Кошоев, Самаган Асанов, Элдар Мадылбеков, Айчүрөк Камаева.
Ахунбай Кошоев, Самаган Асанов, Элдар Мадылбеков, Айчүрөк Камаева.

Коомдук телерадиоберүү корпорациясында (КТРК) саясий партиялардын теле таймаштары жыйынтыкталды.

Акыркы дебатка “Мекенчил Эл”, “Багыт”, “Легалайз”, Социал-демократтар партиясынын талапкерлери катышты. “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан талапкер келген жок.

Мадумаров келген жок, Султанбеков катыша албады

КТРКдагы 26-ноябрдагы теледебатка “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров катышкан жок. Алып баруучу Алмаз Касымалиев партия жетекчиси Орусияда экенин, “башка мүчөлөрү телетаймашка катышканга мүмкүнчүлүгү болбой калды” деп билдирди. Ал эми Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековго дебатка катышууга уруксат берилбегени белгилүү болду.

Теледебатка Социал-демократтар партиясынан лидер эмес, талапкер Айчүрөк Камаева катышууга аргасыз болгонун белгилеп, ал эфирдин башындагы кайрылуусун бийликке кескин сын айтуу менен баштады.

Айчүрөк Камаева
Айчүрөк Камаева

"Биздин лидер Темирлан Султанбековдун катыша албай тургандыгын саналуу мүнөттөр калганда гана билдиришти. Бул абдан өкүнүчтүү. Бийлик жумушсуздук, энергетикалык кризис жана баалардын кымбатташы менен күрөшкөндүн ордуна жаш саясатчылар менен күрөшүп жатканы өкүндүрөт".

Дебаттын алып баруучусу Алмаз Касымалиев партия лидери Султанбековдун буга чейин КТРКнын тегерек стол форматындагы эфирине катышканы талаш жаратканын белгилеп, телеканал Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, ал жактан мыйзамга ылайык катыша албастыгы жөнүндө жооп келгенин айтты. Касымалиев шайлоо мыйзамдарына ылайык, дебаттарга бир гана расмий катталган талапкер катыша аларын белгиледи.

Султанбеков партия лидери болгону менен талапкер болуп катталууга жашы жеткен эмес. Ал 23 жашта, шайлоо мыйзамдары боюнча Жогорку Кеңешке 25 жаштан жогорку курактагы жарандар депутат болуп шайлана алат.

Ошентип, акыркы дебатта “Мекенчил Эл” партиясынан талапкер Ахунбай Кошоев, “Багыт” партиясынын төрагасы Самаган Асанов, “Легалайз” партиясынан лидер Элдар Мадылбеков, Социал-демократтар партиясынан Айчүрөк Камаева таймашышты.

“Мекенчил Эл” партиясынан Ахунбай Кошоев өлкө өнүгүшүнө керектүү мыйзамдарды жазуу менен “коррупциясыз мамлекет” куруу үчүн жарышка аттанганын айтты.

Ахунбай Кошоев
Ахунбай Кошоев

“Кайра жаралуу, коррупциясыз, өнүгүү жолуна түшкөн мамлекет болуусуна жардам берсек деген тилек менен баратабыз”.

“Багыт” партиясы социалдык маселелерди биринчи чечүү үчүн парламентке аттанганын лидери Самаган Асанов кириш сөзүндө белгиледи. Асановдун айтымында, партия парламентке барса турак жай, пенсия, жөлөк пул көйгөйлөрүн чечүүгө киришет.

Самаган Асанов.
Самаган Асанов.

“Багыт” саясий партиясынын ушул көйгөйлөргө багытталган программасы бар. Ошол программасын силер менен бирге ишке ашыра алат”.

Ал эми “Легалайз” партиясынын жетекчиси Элдар Мадылбеков өлкө экономикасына жаңы дем берүүчү заманбап планы бар экенин жарыялап, техникалык кара куурай айдоону жандандыруу менен казынаны толтурууну сунуштады.

Элдар Мадылбеков.
Элдар Мадылбеков.

“Легалайз” партиясынын негизги максаты бул – кара куурай. Башкача айтканда, аны өндүрүш чөйрөсүндө колдонуп, дүйнөлүк тажрыйба аркылуу өлкө экономикасын реабилитациялоо жана туризмди өнүктүрүүгө жаңы түрткү берүү”.

Алып баруучулар Ооганстандагы кырдаалды мисалга тартып, коопсуздук жаатында төрт партиянын сунуш-пикирлерине кызыкты. “Мекенчил Элдин” талапкери Ахунбай Кошоев коопсуздук маселесинде эл аралык укуктук эрежелер менен дипломатиялык жолду сунуштайт.

“Эл аралык укуктар, дипломатиялык жол менен бардык талаш-тартыш, карама каршылыктарды жоюуга аракет кыла турган бийлик адамдары болушу керек. Азыр жакшы нукта бара жатат”.

“Багыт” партиясынын лидери Самаган Асанов коопсуздукту алдын алуу үчүн диний идеологияга көңүл бурууга токтолду.

“Ооганстанда динге байланыштуу маселе. Биз салттуу динди терең таратып, аларга идеологиялык жактан карама-каршы турган деңгээлге жетишибиз керек”.

“Легалайз” жетекчиси Элдар Мадылбеков коопсуздук маселесине адистердин гана пикири керек деп кыскача жооп берди.

Социал-демократтар партиясынан талапкер Айчүрөк Камаева бардык маселеде, айрыкча коопсуздук көйгөйлөрүндө бийликти өлкө ичиндеги башка саясий күчтөрдүн үнүн угууга, бардык тарап менен кеңешип чечим кабыл алууга чакырды.

“Бийлик өкүлдөрү бул маселелерди эске албай жатат. Азыр дагы кеч эмес, жети өлчөп бир кесип, сунуштарды угуп, туура чечим кабыл алган күндө ынтымак менен баарын жеңебиз”.

Дебаттын талапкерлер бири-бирине суроо берген бөлүгүндө “Легалайздын” лидери Элдар Мадылбековго Социал-демократтардын талапкери Айчүрөк Камаева: “Баңгизатты мыйзамдаштырасыңарбы?”- деген суроо берди.

“Наркотик деп айтуудан алыс бололу, аң-сезимди оңдойлу. Мен айтып жатам, "кара куурай айдоону жанданталы” деп. Совет мезгилинде 140 миң гектар жер айдалчу. Ошол нерсени жандантып, чөптөн кагаз, био-желим, кездеме чыгарабыз. Онкологиялык оорулуулар толтура. Гемодиализ алгандар канча. Ошолорго мунун майлары, тундурмалары жардам берет экен. Муну чеккенге эмес, буга беш-алты жылдан кийин тамеки, арактай эле карап калышат”.

Социал-демократтардын өкүлү Айчүрөк Камаева буга караманча каршы чыкты.

“Кудай сактасын, бул туура эмес саясат. Тамеки, арактай эле карап калат дедиңиз. Бүгүнкү күндө тамекиден көптөгөн оорулар пайда болду, арактан зордук-зомбулук күчөп жатат”.

Бул эки талапкер саясий куугунтук маселесинде дагы кайым айтыша кетишти. “Легалайздын” лидери Элдар Мадылбеков бийликтен эч кандай басым болбогонун айтса, ага Социал-демократтардын талапкери Айчүрөк Камаева “көйгөйлөрдү ачык айтып чыккандарга кысым болуп жатат” деп жооп берди.

Дегеле, “Легалайздын” лидери Элдар Мадылбековго кара куурай, баңгизат темасындагы суроолор көп берилди. Мадылбеков элден келген суроолорго жооп берип жатып, кара куурайга тыюу салуу менен башка көмүскө жол аркылуу сатылган оор баңгизат, химиялык маңзат көбөйүүдө деген пикирин айтып өттү. Ошондой эле, Мадылбеков мурдагы президент Курманбек Бакиевдин мүлкүнө байланыштуу сот жообуна тартылганы жөнүндө суроого жооп берди.

“Ал убактарда биз аябай жаш болгонбуз. Эски саясатчылар колдонуп кетишкен, бизди алдыга салып, жаман иштерди кылууга түртүшкөн. Акыры өзүбүз жабыр тарттык. Мен жазамды өтөп бүттүм. Бүгүнкү күндө соттон акталгам”.

Ал эми “Мекенчил Эл” партиясынан талапкер Ахунбай Кошоев жана “Багыт” партиясынын төрагасы Самаган Асановго алардын катарында 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого катышкан “Мекенчил” партиясынын өкүлдөрү жөнүндө суроо болду.

Асанов, Кошоев катарында кимдер гана болбосун, депутат болууга татыктуу инсандар деп жооп беришти.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG