Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:27

Кыргызстанда бүгүн жымжырттык күнү


Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарын шайлоого байланыштуу үгүт иштери 27-ноябрда таңкы саат 8ден баштап токтоду.

Мыйзамга ылайык добуш берүүгө бир күн калганда үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.

28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 287 талапкер ат салышууда.

Жогорку Кеңештеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

Былтыр 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгы элдин нааразылыгынан улам жокко чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан. Жаңы келген бийлик жаңы Конституция кабыл алып, өлкө президенттик башкарууга өткөн.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы мөөнөтүнөн бир жыл ашык иштеди. (BCh)

XS
SM
MD
LG