Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:01

УКМК: Талапкер Таалайбек Дайырбековдун ишенимдүү адамы кармалды


Шектүүнү кармоо учуру, оперативдик кызматтын сүрөтү.
Шектүүнү кармоо учуру, оперативдик кызматтын сүрөтү.

Бишкекте Свердлов районунан бир мандаттуу №29 округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон Таалайбек Дайырбековдун ишенимдүү адамы 26-ноябрда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Атайын кызмат кармалган адамга "Шайлоочуларды сатып алуу" беренеси менен кылмыш ишин ачкан. Талапкердин тарапташы шайлоочуларга акча берип жаткан жеринен кармалганы айтылууда.

Дайырбековдун шайлоо штабы катары пайдаланылган жайды тинтүү учурунда шайлоочулардын даректерин көрсөткөн тизмелери менен ири суммадагы акча каражаттар табылган.

Азыркы учурда жогоруда көрсөтүлгөн фактыларды аныктоо жана документтештирүү, ошондой эле шайлоочуларды сатып алууга катышкан башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Буга чейин да атайын кызмат жана укук коргоо органдары добуш сатып алууга шек саналгандарды кармаган.

Парламенттик шайлоо эртең, 28-ноябрда болот. Жогорку Кеңештеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат. Бүгүн, 27-ноябрда үгүт өнөктүгү токтоду.

2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы элдин нааразычылыгынан улам жокко чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG