Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:12

Жетигенов менен Купешов эки айга камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен Бакыт Жетигенов жана Бекназар Купешов бүгүн, 27-ноябрда Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунун чечими менен 26-январга чейин камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту билдирди.

Улуттук коопсуздук комитети 26-ноябрда "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен 15 адам кармалганын билдирген. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары, парламенттик шайлоого талапкерлер жана мурдагы чиновниктер бар экенин маалымдаган.

УКМК кармалган адамдарга байланыштуу Жазык кодексинин 38 жана 309-беренелери (бийликти күч менен басып алууга даярдануу) менен сотко чейинки өндүрүш ачылганын кабарлап, иликтөө үчүн Башкы прокуратура мекемелер аралык топ түзгөн.

Бекназар Купешов парламенттик шайлоого "Жашылдар" партиясынын тизмеси менен бара жаткан.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Жетигенов "Чүй ынтымагы" партиясынан парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан талапкерлигин коюп, кийин алып салган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Жогорку Кеңештеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат. Бүгүн, 27-ноябрь жымжырттык күнү.

2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы элдин нааразычылыгынан улам жокко чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG