Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Бишкекте перинаталдык борбордун курулушу үч жылдан бери токтоп турат


newborn twins
newborn twins

Бишкекте ымыркайларды дарылоочу жана төрөт маалында кыйналган аялдарга жардам берген перинаталдык борбордун имаратынын курулушу үч жылдан бери токтоп турат.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллилдин 26-ноябрдагы жолугушуусунда сөз болду.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууда эки өлкөнүн кызматташтыгы, ошондой эле Германия бөлгөн гранттык каражатка курулуп жаткан Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун перинаталдык ооруканасынын курулуш иштери талкууланган.

Долбоор азыркы тапта 93% аяктап калганына карабай, шаардык инженердик, коммуналдык тутумдарга кошулуу боюнча маселелер чечилбегендиктен, ишке кире берилбей турат. Эдил Байсалов бул маселеге мурдагы өкмөттөр тийиштүү көңүл бурбай келгенин билдирди.

Германия Кыргызстанда перинаталдык борбор куруу үчүн 10 миллион 500 миң евро кайтарымсыз грант бөлүп берүү чечимин 2017-жылы кабыл алган. Жаңы имаратта он төрөт залы, үч реанимация, эне жана баланы караган палаталар болмок. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG