Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:46

Бишкекте "Бир дүйнө - Кыргызстан" кинофестивалы башталууда


Фестивалда мыкты деп табылган тасмалардын режиссерлоруна сүрөттөгүдөй статуэтка берилет.
Фестивалда мыкты деп табылган тасмалардын режиссерлоруна сүрөттөгүдөй статуэтка берилет.

"Бир Дүйнө - Кыргызстан" адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын он бешинчи мааракелик фестивалы башталууда.

Иш-чаранын ачылышы 3-декабрда Novotel конок үйүндө болот. Тасмалар 9-декабрга чейин кинотеатрларда элге акысыз көрсөтүлүп, адам укуктарына арналган талкуулар менен коштолот.

Бул ирет фестиваль “Каргашалар жана тобокелдиктер мезгилиндеги адам укуктары” деген темага арналганын уюштуруучулар кабарлашты.

Бул эл аралык фестивалды "Бир дүйнө - Кыргызстан" уюму жыл сайын уюштуруп, Кыргызстанда жана чет элде тартылган фильмдер катышат. 15 жыл аралыгында адам укуктары жана эркиндиги боюнча өзөктүү темаларды көтөргөн 500гө жакын даректүү тасма көрсөтүлдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG