Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:45

АКШ, Канада, Улуу Британия Беларуска каршы жаңы санкцияларды киргизди


Беларус. Лукашенко. Жаңы санкциялар. Коллаж.
Беларус. Лукашенко. Жаңы санкциялар. Коллаж.

АКШ, Канада, Улуу Британия бекиткен санкциялык тизмеге Беларустун 20 кишиси, 12 уюм жана үч учак киргизилди.

Беларус Евромбиримдик менен чек арасында миграциялык жасалма кризис жаратканы үчүн үч держава жаңы санкцияларды салып, бекитти. Санкциялык тизмени Александр Лукашенконун уулу Дмитрий Лукашенко баштайт. Тизмеде:

  • Беларустун Мамлекеттик чек ара комитетинин төрагасы Анатолий Лаппо, анын орун басарлары Игорь Буткевич, Сергей Новиков, Роман Подлинев, Игорь Печен;
  • Беларустун хоккей федерациясынын мурдагы жетекчиси Дмитрий Басков;
  • Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Михаил Бедункевич, Андрей Паршин, бөлүм башчылар - Александр Алекса, Денис Чемоданов, Дмитрий Ковач, Олег Ларин, Андрей Макаревич, Владимир Вашкевич, Александр Живлюк;
  • Брест коопсуздук тобунун башчысы Игорь Гутник;
  • Беларустун борбордук райондук сотунун судьясы Дмитрий Карсюк;
  • Гродно чек ара отрядынын башчысы Константин Молостов;
  • Минск облустук аткаруу комитетинин айыл чарба жана азык-түлүк комитетинин башчысы Василий Сысоев бар.

Тизмеге кирген компаниялардын арасында Беларустун «Калий компаниясы», «Славкали», «Белтехэкспорт», «Агат» заводу, «Трансавиаэкспорт» авиакомпаниясы, 140-ремонт заводу, «Кидма Тех», «Гардсервис», «Пеленг», «Центркурорт», ошондой эле Президенттин спорт клубу сыяктуу ишканалар жана мекеме-уюмдар бар.

Андан сырткары Евробиримдиктин санкциялары расмий түрдө күчүнө кирди. Анын санкциялык тизмесине расмий кызматта иштеген 17 адам жана 11 уюм кирди.

Беларуска чек арадагы миграциялык кризистин шартында жаңы чектөө чаралары киргизилүүдө. Батыш бул үчүн Александр Лукашенкону айыптоодо.

Минск мигранттарды чек арага атайын алып келгенин четке кагып келет. Польша бийлигинин маалыматы боюнча, азыр чек арада Жакынкы Чыгыштан келген 10 миңдей мигрант турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG