Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

Орусия менен Индиянын аскердик-техникалык келишиминин мөөнөтү узарды


С-400 ракетасы.
С-400 ракетасы.

Орусия менен Индиянын аскердик кызматташтыгы тууралуу келишимдин мөөнөтү узартылды. Тийиштүү документтерге 6-декабрда орус президенти Владимир Путиндин Нью-Делиге сапары учурунда кол коюлду.

2031-жылга чейинки аскердик-техникалык кызматташтык боюнча келишимдин негизинде Индия 600 миң Калашников AK-203 автоматын чыгарат. Эки өлкө көмүр казып алуу, кеме куруу, жер семирткич, болот, мунай жана газ өндүрүү, кесипкөй адистерди даярдоо жаатында кызматташат.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, АКШнын келишимдерди үзгүлтүккө учуратуу аракетине карабастан Индияга С-400 зениттик-ракеталык комплекстерин жеткирүү макулдашуусу улантылат:

“Келишим ишке ашат. Биз АКШ бул кызматташууну үзгүлтүккө учуратып, Индияны Американын талаптарына баш ийдирүү аракеттерине күбө болдук. Индия көз каранды эмес мамлекет экенин жана кимден курал-жабдык аларын так көрсөттү”.

2018-жылы түзүлгөн 5,4 миллиард долларлык келишимге ылайык, Индия Орусиядан зениттик-ракеталык комплекстерин ала баштады. Буга чейин Түркия Орусиядан F-35 аскердик тик учактарын сатып алганда Америка Анкарага каршы санкция киргизген. Times of India кабарлагандай, Индия аталган комплексти Кытай жана Пакистан менен чек арадагы талаштуу аймакка жакын жайгаштырууну көздөп жатат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG