Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Bloomberg: жаңы санкциялар рублге таасир этиши мүмкүн


Рубль жана доллар.
Рубль жана доллар.

АКШ менен Евробиримдик Москва Украинага кол салса, орусиялык ири банктарга жана Орусиянын түз инвестициялык фондуна (RDIF) каршы катаал каржылык санкцияларды киргизүүнү караштырууда. Бул тууралуу Bloomberg ишенимдүү булактарына таянып кабарлады.

Бул санкциялар орус рублин долларга, еврого жана фунт стерлингге алмаштырууга да терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондой эле, инвесторлордун экинчи рынокто Орусиянын баалуу кагаздарын сатып алууга дагы чектөө киргизилиши мүмкүн.

Эң радикалдуу вариант катары Оруссияны SWIFT каржылык төлөм системасынан ажыратуу сунушталган. Бирок бул чара жөнөкөй жарандарга да зыян келтирет деген негизде андан карманып туруу сунушталды.

Орусиялык банктарды SWIFT дүйнөлүк каржылык тутумунан ажыратууга байланышкан катаал санкция тууралуу алгач CNN телеканалы билдирди.

Мындай олуттуу чараны колдонуу демилгеси Орусия Крымды аннексиялап алган 2014-жылдын жазынан бери бир нече жолу көтөрүлүп келген. Бирок мындай сунуштар "Орусиянын банктык-финансалык тутумуна оор сокку болуп, карапайым жарандарга дагы чоң залакасын тийгизет" деген негизде улам артка жылдырылып келген.

Буга чейин АКШ администрациясына жакын булактар президент Жо Байдендин жакын чөйрөсү Орусияга каршы мүмкүн болгон бардык санкцияларды “таразалоону” улантып жатканын, бул чаралар орус жетекчилигин Украинага ыктымал кол салуу чечимине тоскоол болоору кабарланган.

"Каралып жаткан санкциялардын арасында президент Владимир Путиндин жакын чөйрөсүндөгү адамдарга, орусиялык ири энергетикалык компаниялардын жана банктардын жетекчилерине карата чектөөлөр бар. Бирок бул санкцияларды киргизүү боюнча акыркы чечим кабыл алына элек", - деп билдирди CNN телеканалы.

"АКШнын президенти Жо Байден 7-декабрдын кечинде видео байланыш аркылуу сүйлөшүүдө Орусиянын лидери Владимир Путинге киргизиле турган санкцияларды жана шарттарды сунуштайт" деп жазат Bloomberg.

Буга чейин Батыштагы бир катар маалымат каражаттары чалгын маалыматына таянып, эмдиги жылдын башында Орусия Украинага кол салышы мүмкүн экенин, балким Киевдеги азыркы бийликти кулатуу же аймактарды басып алууну көздөп жатканын жазышкан. Мындай чалгын маалыматтары тууралуу Украинанын Коргоо министрлиги да билдирди.

Москва мындай пландары бар экенин четке кагып, бирок Орусия өз аймагында аскерлерин чек арага жакын жылдырып, жайгаштырууга укуктуу экенин ырастаган.

Москва Батыш медиасындагы бул маалыматтарды "Украинанын айланасындагы кырдаалды курчутуу, жоопкерчиликти Орусияга жүктөө боюнча атайын операция" деп атады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG