Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Сокулукта аксакалдар "зордуктоого шектүүнүн үй-бүлөсү көчүп кетсин" деген чечим чыгарды


Исмаил айылындагы жыйын. 7-декабрь, 2021-жыл.
Исмаил айылындагы жыйын. 7-декабрь, 2021-жыл.

Сокулук районунун Исмаил айылындагы аксакалдар бойго жете элек кызды зордуктоого шектүүнүн үй-бүлөсү "кыштактан көчүп кетсин" деген чечим чыгарды. Кылмыш жасаганы айтылган жарандын жакындары ага макул болбой жатышат.

Айылдын 31 жаштагы тургуну 16га толо элек кызды зордуктоого шек саналып, 5-декабрда камалган. Милицияга кыздын атасы арыз жазган. Тергөөнүн баштапкы маалыматында "ал кызды Бишкек шаарына жумушка жеткирип коюуга убада кылып, жолдон күч колдонуп зордуктаганы" айтылат.

7-декабрда айылда "аксакалдар соту" уюштурулуп, жабыркаган кыздын жакындары, район акими Курманбек Айтибаев, милиция кызматкерлери жана ондогон жашоочулар катышты.

Аким зордуктоо фактысына байланыштуу мыйзамдуу гана чара көрүлүшү керектигин айтты. Тургундар сотко ишенбей турганын билдиришти.

Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы жана аталган кыштак жайгашкан Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Акылбек Жылжымышев коомдук коопсуздук көзөмөлгө алынарын маалымдашты. Кыргызстандагы айрым юристтер аксакалдардын чечими мыйзамсыздыгын, сотсуз жазалоо улуттук да, эл аралык да нормаларга дал келбестигин, териштирүү жүргүзүү жана жазалоо - укук коргоо органдарынын, соттун милдети экенин белгилешүүдө.

Шектүүнүн үстүнөн Жазык кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, эки айга камалган.

Кыргызстандын мыйзамдарында жашы жете электерди зордуктагандар 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG