Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул күндөрү иш сапар менен Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында жүрөт. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров казак өкмөтүнүн жетекчилиги менен бир катар сүйлөшүүлөрдү өткөрөт жана экономика, күч мекемелеринде жолугушууларга катышат.
Кыргызстан менен Казактстан бир катар аймактык жана эл аралык уюмдарга бирдей укуктуу мүчө.
Быйыл март айында президент Садыр Жапаров Казакстанга алгачкы мамлекеттик сапар менен барып, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө боюнча документтерге кол койгон. (RK)