Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:58

CPJ: 2021-жылы камалган журналисттердин саны өстү


Ооганстандагы Tolo News агенттиги. 11-сентябрь, 2018-жыл.
Ооганстандагы Tolo News агенттиги. 11-сентябрь, 2018-жыл.

Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) 9-декабрда жарыялаган баяндамасында көрсөтүлгөндөй, 2021-жылы дүйнө жүзү боюнча 293 журналист камалган. Уюм бул буга чейинки болуп көрбөгөндөй жогорку чек экенин баса белгилейт. Былтыр 280ге жеткен журналист камалган.

Ошондой эле 2021-жылдын 1-декабрына карата иши үчүн 19 журналист киши колдуу болгон. Дагы 18 кабарчы белгисиз жагдайларда көз жумган. Үч журналист согуш жүрүп жаткан аймактарда окко учса, экөө нааразылык акциясы маалында болгон кагылышууларда каза болгон.

Соңку үч жыл катары менен Кытай журналисттер эң көп камакка алынган мамлекет бойдон калууда. Ал жакта ушул тапта массалык маалымат каражатынын 50 өкүлү темир тор артында отурат.

Февраль айында болгон аскердик төңкөрүштөн кийин медиага карата чабуул күч алган Мьянма экинчи орунда. Журналисттер эң көп камалган беш өлкөнүн ичине Египет, Вьетнам жана Беларус кирет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG