Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59

Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдына чыккандар кармалды


Полиция Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында нааразылык акциясына чыккандарды кармап баратат. 9-декабрь, 2021-жыл.
Полиция Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында нааразылык акциясына чыккандарды кармап баратат. 9-декабрь, 2021-жыл.

Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылып чыккан алты адамды полиция кармап кетти. Алардын арасында жашы улгайып калган Халида Акытхан бар.

Акцияга чыккандардын айтымында, алардын айрымдарын полиция ур-токмокко алды. Тартип коргоочулар ошол жерде окуяны чагылдырып жаткан блогерлерди да кармап кеткен. Алардын биринин YouTube каналында жарыяланган видеосунда Шинжаңда камакта жаткан үч уулун бошотууну талап кылып келген Халида Акытхан полиция кармап баратканда автобус ичинен эс-учун жоготуп жыгылганын көрүүгө болот.

Кытайдын Казакстандагы дипломатиялык мекемелеринин алдына Шинжаңдагы «мыйзамсыз камалган же эркиндиги чектелген» жакындарын бошотууну талап кылгандардын акциясына 305 күн болду.

Алар бир нече жолу «тынч жыйын өткөрүү эрежесин» бузду деген кине менен камалып, айыппул төлөөгө милдеттендирилген. Он айга созулган акциялар маалында Кытай консулдугунан нааразыларга эч ким чыккан эмес.

Эл аралык уюмдар, Батыш мамлекеттери Кытайды Шинжаңдагы бир миллиондой уйгур, казак, кыргыз жана башка мусулман азчылыктары «саясий тарбиялоочу лагерлерде» кармалып турганын маалымдап келет. Бээжин мындай дооматтарды четке кагып, ал жайларды «кесипке үйрөтүүчү борборлор» деп мүнөздөгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG