Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Бишкекте өспүрүмдөр арасында эл аралык хоккей турнири ачылат


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Бүгүн 10-декабрда Бишкекте өспүрүмдөр арасында шайба хоккей боюнча эл аралык турнир башталат.

13, 11 жана 9 жаштагы кыздар менен балдар жаш курагы боюнча үч категорияга бөлүнүп, мэрдин кубогу үчүн таймашат.

Казакстан, Орусия, Өзбекстан, Латвия өлкөлөрүнөн келген хоккейчилер катыша турган бул турнирди борбор калаанын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы Кыргызстандын Хоккей федерациясы менен бирге уюштурууда.

Кыргызстандан "Алга", "Локомотив" жана "Нарын шумкарлары" командалары катышат.

Турнир 20-декабрда жыйынтыкталат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG