Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:08

Жапаров адам укугу менен эркиндигин сактоо гана абалды өзгөртөрүн айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда Адам укугун коргоо эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду.

Мамлекет башчы инсандын негизги укуктары, эркиндигин коргоонун негизги принциптери жазылган Адам укуктарынын жалпы декларациясы мамлекеттин демократиялык негиздерин бекемдөөдө чечүүчү ролду ойной турганын белгилеген.

"Бүгүн биз жашообузду адам укуктары менен эркиндигин коргоодогу демократиялык баалуулуктарсыз элестете албайбыз. Мындай жетишкендиктердин ишеничтүү өбөлгөсү — аларды мындан ары чыңдоо", - деп жазылган Жапаровдун кайрылуусунда.

Президент динине, жынысына, улутуна, тилине, саясий көз караштарына карабай, ар бир кыргызстандыктын укуктары менен эркиндигин камсыз кылуу жана коргоо Конституция менен кепилденгенин айткан.

Мындай укуктук мамлекетти өнүктүрүү — Кыргызстандын бардык бийлик бутактарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жалпы максаты экенин кошумчалаган. Президент "жарандардын укуктарын жана эркиндигин сактоо аркылуу гана абалды жакшы жагына өзгөртө алабыз", - деп белгилеген.

Кыргызстан 1994-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктарынын жалпы декларациясына кошулган жана уюмдун алкагында адам укуктарына тиешелүү эл аралык бир нече келишимдерди ратификациялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG