Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:42

Коронавирустан эки бейтап каза болду, 53 адамга жукту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

10-декабрга карата Кыргызстанда 53 адам COVID-19 вирусун жуктурганы лабораториялык жактан аныкталды. Алардын көбү Бишкек шаарында. Ош шаарында, Нарын, Талас облустарында ооруну жуктуруп алгандар катталган жок.

  • Бишкек - 25
  • Чүй облусу – 15
  • Ош облусу – 2
  • Ысык-Көл облусу – 3
  • Жалал-Абад облусу – 4
  • Баткен облусу - 4

Ушуну менен былтыр марттан бери бул ооруну жуктуруп алган 183 863 адам катталды. Алардын 2766сы каза болду.

Өлкөдө COVID-19 инфекциясына каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. 10-декабрга карата 2 миллиондон ашуун адам эмдөөдөн өттү. Алардын 933 миңден ашууну эки дозаны, калганы бир дозаны сайдырышты.

Вакцина бир адамга эки дозада берилет, арылыгы 21 күн болууга тийиш. Каалоочулар үчүнчү (бустер) дозаны да алат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG