Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2022 жума, Бишкек убактысы 08:42

Кыргызстанга келгендердин ПЧР тестинин мөөнөтү кыскарышы мүмкүн


Коронавирустун "Омикрон" түрүнө байланыштуу Кыргызстанга чек арадан кирген ар бир адамдан коронавирус жоктугун тастыктаган милдеттүү ПЧР-тест талап кылынат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Саламаттык сактоо министрлигине Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн келген жарандардын коронавируска каршы тапшырган тестинин мөөнөтүн 72 сааттан 48 саатка азайтуу маселесин карап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу 9-декабрда Коронавируска каршы ыкчам штабдын кезектеги жыйынында билдирди. Анда COVID-19дун "Омикрон" деп аталган түрүнүн жайылуу коркунучунун алдын алуу чаралары талкууланды.

Вирустун жаңы түрүнө байланыштуу 1-декабрдан тарта Кыргызстанга чек арадан кирген ар бир адамдан коронавирус жоктугун тастыктаган милдеттүү ПЧР-тест талап кылынат. Чет элдиктер да, кыргызстандыктар да вакцина алганына карабай, тесттен өтүүгө тийиш. "Омикрон" штаммы катталган өлкөлөрдүн жарандары өлкөгө киргизилбейт.

Өткөн айда алгач Түштүк Африкада катталга коронавирустун бул түрүнүн белгилери мурдагы штаммдарга салыштырмалуу жеңил өтөрү айтылган. Учурда илимпоздор "Омикрон" вакциналарды канчалык тоготорун иликтеп жатышат. Коронавирустун жаңы түрү ондогон мамлекеттерде аныкталды.

Акыркы бир суткада Кыргызстанда коронавирустан эки бейтап ажал тапты, оору дагы 53 адамдан аныкталды. Алардын көбү Бишкек шаарында. Ош шаарында, Нарын, Талас облустарында ооруну жуктуруп алгандар катталган жок.

Жалпысынан оору жуктургандардын саны 183 863 адамга жетип, 2766 бейтап көз жумду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG