Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Бишкекте балдардын көп тармактуу клиникалык ооруканасы ачылды


Жаңы ачылган балдар ооруканасы.
Жаңы ачылган балдар ооруканасы.

Бишкекте көп тармактуу клиникалык балдар ооруканасы ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Оорукана 150 орундуу. Ачылыш аземине министр Алымкадыр Бейшеналиев катышып, бейтапканага бюджеттен каражат алынбаганын жана бейтаптарды кабыл ала баштаганын билдирди.

Бишкек шаарындагы республикалык диагностика борбору балдар ооруканасы болуп кайра түзүлө турганы ноябрь айында айтылган. Салматтык сактоо министрлиги аталган борбор акчасын актабай калганын, 10 млн. сомдой карызы бар экенин жана ал жакта иштеген дарыгерлер маяналарын да ала электигин билдирген. Экинчиден, Бишкек шаарында балдар көбойүп ооруканаларда орун жетишпей жатканы белгиленген.

Республикалык диагностика борбору – ооруну аныктап, жардам көрсөтүүчү амбулаториялык медициналык мекеме катары 1990-жылы уюшулган. Орточо эсеп менен күнүнө 800–900 бейтапты кабыл алып, 600дөй ар кандай ооруларды изилдей турганы айтылган.

Саламаттык сактоо министрлигинин айтымында, соңку учурда борборго кайрылгандардын саны кыскарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG