Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:44

УКМК: Стамбулдагы чабуулга тиешеси бар адам Бишкекте кармалды


Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубунун кире беришине бир киши гүл коюп жатат, 3-январь, 2017-жыл.
Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубунун кире беришине бир киши гүл коюп жатат, 3-январь, 2017-жыл.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаарында М.Ш.Р. аттуу чет мамлекеттин жараны террористтик ишмердүүлүккө катыштыгы бар деген шек менен кармалганын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, шектүү 8-декабрда колго түшкөн. Анын 2017-жылы Стамбулдагы клубдардын биринде 39 жарандын өмүрүн алган резонанстуу терактка тиешеси бар экени аныкталган.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жатканын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

2017-жылдын 1-январында Түркиянын Стамбул шаарындагы "Рейна" түнкү клубундагы кол салууда 18 өлкөнүн 39 жараны өлүп, 70ке чукулу жарадар болгон.

Окуядан кийин Стамбулдагы эң белгилүү түнкү клуб ишин токтоткон. Стамбул шаардык соту клубдагы кол салуу боюнча айыпталган өзбекстандык Абдулкадыр Машариповду 40 жолу өмүр бою эркинен ажыратып, 1368 жылга өкүм кылынганын маалымдаган. Машариповдон тышкары түнкү клубга кол салууга тиешеси бар катары 57 киши да ар түрдүү беренелер менен кесилди. Алардын арасында Машариповдун жубайы Зарина Нуруллаева да бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG