12-декабрда Израилдин премьер-министри Нафтали Беннет Перс булуңундагы мамлекеттердин жетекчилеринин жыйынына катышуу үчүн Бириккен Араб Эмирликтерине (БАЭ) барат. Бул израил анын БАЭге тарыхый алгачкы сапары. Былтыр АКШнын ортомчулугу менен израил-эмираттар ортосунда дипломатиялык алакаларда расмий жылыш башталган.
Бул сапар дүйнөлүк державалар Иран менен алты жыл мурун түзүлгөн макулдашууну кайра жандантуунун аракетин көрүп жаткан маалда болууда. Израил Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимге каршы.
Тель-Авив Абу-Даби менен узак убакыт коопсуздук тармагында тымызын кызматташса дагы эки өлкө дипломатиялык алакасын 2020-жылы гана расмийлештирди. Авраам макулдашуусуна Израил менен дипломатиялык мамилеси бар араб мамлекеттеринин ичинен БАЭнен башка Бахрейн, Египет жана Иордания кирет.