Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:42

Германиянын жаңы канцлери Олаф Шольц Польшага барды


Германиянын канцлери Олаф Шольц
Германиянын канцлери Олаф Шольц

Германиянын жаңы канцлери Олаф Шольц Варшавага Польша-Беларус чек арасындагы миграциялык кризисти, Евробиримдиктин коңшулары менен талаштуу маселелерди, анын ичинде Орусия менен кырдаалды талкуулоо үчүн барды.

8-декабрда кызматка киришкен Шольц жекшембиде Польшанын өкмөт башчысы Матеуш Моравецки менен Варшавада жолукту.

Германия Беларус аркылуу Евробиримдиктин аймагына кирүүгө аракеттенген миңдеген мигранттын агымын токтотууда Польшанын аракеттерин колдоду. Брюссел бул кризисти Минск уюштурду деп санайт.

Немистердин жаңы канцлери бул сапарын “достук маанайда” деп сыпаттап, анын алкагында Польшанын оңчул “Укук жана адилеттик” (PiS) партиясы кабыл алган сот реформасы Еврошаркеттин мыйзамдарын буза турганы сыяктуу талаштуу маселелерди да талкуулайт.

Германия Варшава менен Брюсселге укуктук маселени чечүүдө жол табууга көмөктөшөрүн билдирген. Эки лидер Орусиянын Украинанын чек арасында топтогон аскердик күчү, орус газын Гурманияга жеткирген "Түндүк агым-2" газ кууруна байланыштуу да сүйлөшөт.

Моравецки немис канцлерин “Түндүк агым-2” долбооруна каршы турууга үндөрүн, анткени Орусия аны Европага каршы пайдаланышы ыктымал экенин эскертерин айткан.

XS
SM
MD
LG