Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:22

Топчубек Тургуналиев "Манас" жана Айтматов академиясынын президенттигинен кетти


Топчубек Тургуналиев.
Топчубек Тургуналиев.

"Манас" жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын президенти Топчубек Тургуналиев кызматтан кетти. Бул тууралуу Министрлер кабинетиндеги булактар билдирди.

Тургуналиев 2019-жылы "Манас" жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясы" мамлекеттик мекемесинин президенти болуп дайындалган.

Академия түзүү тууралуу жарлыкка мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 31-январында кол койгон.

Жарлык "Манас" эпосун, кыргыз элинин эпикалык маданиятын, Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк мааниге ээ болгон көркөм, гуманисттик, философиялык-этикалык мурасын сактоо жана жайылтуу, ар тараптан терең изилдөө милдеттерин аткара тургандыгы айтылган.

2011-жылы Айтматовдун туулган күнүнүн урматына жана Алыкул Осмоновдун каза болгон күнүнө байланыштуу Жогорку Кеңештин токтому менен 12-декабрь Кыргызстанда Улуттук адабияттын күнү деп жарыяланган.

"Акаев менен Бакиевдин окшоштугу көп болду"
please wait

No media source currently available

0:00 0:45:10 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG