Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Бир суткада 12 өрт катталып, эки адам каза болду


Сүрөт окуяга тиешеси жок
Сүрөт окуяга тиешеси жок

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей өткөн сутка ичинде өлкө боюнча 12 өрт кырсыгы катталган.

Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында кафенин кароолканасы толугу менен күйүп, өрттүн кесепетинен эки адам каза болду. Өрт таңга маал саат 06:50дө толук өчүрүлгөн.

Кыргызстанда жыл башынан тартып үч миңге жакын өрт кырсыгы катталып, 33 киши каза болду.

Өткөн жылы 2100дөн ашуун өрт кырсыгы катталып, 18 адам каза болгон, 28 киши жараат алган.

Соңку учурда өлкө аймагында өрт көп катталууда. ӨКМ буга үйдөгү мештердин туура эмес курулушу себеп болуп жатканын белгилеп, жарандарды этияттыкка чакырып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG