Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Иманкулов: Аэропорттогу окуя жүзүбүзгө көө жапты


Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов.

Улуттук коопсуздук комитети Кыргызстанда чет элдик ишкерди уурдап, 3 миллион доллар талап кылган кылмыштуу топ кармалганын жарыялады. Маалыматка ылайык, арасында милиция кызматкери, маалымат каражатында иштеп кеткендер бар.

Алар түркиялык ишкерди "Манас" аэропортунда токтотуп, беш күн бою күч менен кармап турган. "Инвесторлого бейиш өлкөсү" болот делген Кыргызстан үчүн бул окуянын таасири канчалык? Ушул жана башка суроолорго Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жооп берди.

- Марат мырза, эл аралык "Манас" аэропортундагы окуяны Коопсуздук кеңеши көзөмөлгө алдыбы, канчалык деңгээлде маани берип, кандай чара көрүп жатасыңар?

- Өлкөдө болуп жаткан маанилүү окуяларды, анын ичинде ушул сыяктуу кылмыштарды сөзсүз түрдө биз көзөмөлгө алып, талкуулайбыз. Аэропорттогу милиция кызматкерлеринин бул кылмышка кандай тиешеси бар, түздөн түз байланышы барбы же аларды пайдаланып кеткенби деген көп суроолор жаралып жатат.

Азыркы тапта тергөө жүрүүдө. Буга чейин укук коргоо органдарынын катышы менен көптөгөн кылмыштар катталган, анын ичинде орган кызматкерлери пара алган учурлар, кылмыштуу топторго катышы аныкталган көп учурлар болгон.

Менин иштегениме жарым жылга жакындап калды, ушул убакыт ичинде абдан көп арыз, кайрылуулар түштү, жарандар даттанып келип жатат. Ошолордун баарын карап чыксак, жалаң эле укук коргоо органдарында эмес, биздин мамлекетте көйгөйлөр көп экен. Айрыкча ИИМге реформа керек экени айдан ачык.


- Бул окуя Кыргызстандын мамлекет катары имиджине, инвестициялык абалына канчалык доо кетириши мүмкүн?

- Албетте өтө чоң доо кетирет. Негизи бул кылмыш инвестициялык абалга таасир этчү өтө чоң окуя болуп калды. Чет элдик инвесторлор Кыргызстанга келердин алдында биздеги кылмыштуулук, жалпы коопсуздук абал боюнча маалымат алат.

Адамдын жеке коопсуздугу, инвестициялык коопсуздук кандай сакталат деген суроону биринчи иликтеп туруп анан келет. Кайсы бир кылмыштын тергөөсү тууралуу майда маалыматты карап отурбайт да. Жалпы имиджге тиешеси бар маалыматты алат.

Эгер кылмыштуу топторго милиция кызматкерлеринин катышы бар экенин угушса, албетте чет элдик инвестор чочулайт да. Бул окуя инвестициялык климатка түздөн-түз терс таасир этет деп ойлойм. Ошондуктан, мунун кандай бүткөнүн, ким кандай жаза алганын коомчулукка жеткиликтүү деңгээлде ачык берүү керек.


- Мындай окуялар кайталанбашы үчүн кандай кадамдарды кылуу керек? Мына көп эле түрктөр, Кытайдан келгендер, Орусиядан бир топ инвесторлор бар да. Алардын коопсуздугуна эми биздин күч органдары кепилдик боло алабы? Аларды уурулуктан, мүлкүн опузалап тартып алуудан ким коргойт?

- Баарыбыз эле билебиз, биздин укук коргоо органдарында, анын ичиндеги абсолюттук көпчүлүк кызматын так, туура жүргүзүп жатат да. Бир карын майды бир кумалак чиритет деген сөз сыңары, ушундай окуялар болуп, укук коргоо органдарынын баарынын бетине жапырт көө жабылып жатат. Мындай жаман учурлар жеке эле милицияда эмес, прокуратурада да болуп жатат.

Жакында эле Бишкек шаардык Октябрь райондук прокурорунун орун басары кармалды. Жол көзөмөлдөө кызматында пара алган учурлар болуп, алардын да бети ачылууда. Биз мындан ары мамлекеттик катуу тартипти орнотушубуз керек. Бул багытта иштер азыр жүрүп жатат.

Дегеле коом кандай болсо, анын ичиндеги мамлекеттик органдар да ошондой болот экен да. Коррупция биздин коомдун бардык тармагын чырмап алыптыр. Бул сөздүн латын тилинен котормосу "чирүү" дегенди билдирет эмеспи. Азыр биздин коом чирип баратканын көрсөтүүдө.

Ушунун баарын азыртадан токтотуу керек. Мамлекеттин буга күчү жетпесе коомчулук да жапа тырмак киришүүсү абзел. Мен муну коомчулук арасында көп жыл иштеген активист катары билем. Мамлекет менен коом ортосунда тыгыз байланыш болуп, терс көрүнүштөрдү коомчулук көзөмөлгө алышы зарыл.


- Марат мырза, акыркы окуя коопсуздугу жогорку деңгээлдеги, бардык жакта көзөмөл камерасы бар, эл аралык макамдагы "Манас" аэропортунда болуп жатпайбы. Бул жөнөкөй туристтер, Кыргызстанга учуп келип, кетип жаткан жарандар үчүн кооптуу коңгуроо эмеспи?

- Сөзсүз түрдө кооптуу коңгуроо. Азыр эми окуянын чоо-жайы кандай болгонун тыкыр териштирүү абзел. Жогоруда айтканымда, бул окуя мамлекеттин эл аралык жүзүнө көө жаба тургандай эле болду. Ички иштер министрлиги жана башка күч түзүмдөрүндө мындай окуялар кайталанбашы үчүн ички териштирүү болушу керек. Быйыл жайында президенттин катышуусу менен болуп өткөн кеңешмеде элден келип түшкөн суроо-талаптарды кыска убакытта карап чыгуу боюнча президент өзү сунуш берген.

Айрым жарандардын бир эмес, экиден, үчтөн арыз-муңу бар экен. Ушундан улам негизги иликтөөлөрдү Ички иштер министрлигинен баштоо тууралуу сунушту алганбыз. Мамлекетте бекем тартип болуш үчүн ички иштер органдарында реформа болушу керек дегенге толук кошулам. Укук коргоо тармагындагы реформа азыркы учурдагы эң курч маселелердин бири деп айта алам.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG