Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:21

Бишкекте “Эко-курак” көргөзмөсү ачылды


"Эко-курак" көргөзмөсү.
"Эко-курак" көргөзмөсү.

Бүгүн, 15-декабрда Бишкекте “Эко-курак” көргөзмөсү ачылды. Эки апта улана турган иш-чара Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде өтүүдө. Аны кесипкөй сүрөтчү жана кол өнөрчү аялдардын башын бириктирген “Курак” автордук долбоору “Сорос-Кыргызстан” фонду менен биргеликте уюштурду.

Негизги максат экологияны коргоо, кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгүн колдоо, маданий мурасын өркүндөтүү жана аялдардын жашоо деңгээлин жакшыртуу экени айтылды.

25-70 жаштагы 200дөй аял беш ай бою чогуу иштеп, жалпысынан 300дөй килограммдык курак кездемелерден түрдүү буюмдарды жаратышты.

Долбоордун автору Чолпон Аламанова жана катышуучусу Асыл Дуйсекулова.
Долбоордун автору Чолпон Аламанова жана катышуучусу Асыл Дуйсекулова.

Долбоордун автору Чолпон Аламанованын айтымында, бүгүнкү күндө Бишкекте абанын булганышы негизги маселелердин бири болуп жатканда тигүү цехтериндеги калдык кездемелерди мешке жагуу бул көйгөйдү ого бетер курчутууда.

Бишкекте соңку жылдары кыш башталганы шаарды ыш каптап, аба булганганы олуттуу көйгөй болууда.

15-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өткөргөн жыйында борбордогу ыш маселеси көтөрүлүп, шаар башкармалыгы менен биргеликте экологиялык маселелерди чечүү ишин күчтөндүрүү тапшырмасы берилген.

17-ноябрда өкмөт Бишкекте абанын булганышы боюнча көйгөйдү иликтөө, элдин ден соолугун коргоо жана маселени чечүү чараларын ыкчам иштеп чыгуу боюнча мекеме аралык өзгөчө комиссия түзгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG