Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:12

Жогорку сот шайлоо боюнча "Клооптун" арызын карады


Бишкектеги шайлоо тилкелеринин бири. 28-ноябрь, 2021-жыл.
Бишкектеги шайлоо тилкелеринин бири. 28-ноябрь, 2021-жыл.

"Клооп Медианын" айрым шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнүн протоколдору бурмаланганы боюнча жазган арызын Жогорку сот карап, Бишкек шаарынын административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Парламенттик шайлоого байкоо салган "Клооп Медиа" айрым шайлоо тилкелериндеги биринчи түзүлгөн протоколдор менен жыйынтыктоочу протоколдордо айырма бар экенин билдирип, Боршайкомго арыз жазган. БШКдан жооп ала албагандан кийин БШКнын "аракетсиздиги үчүн" Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылган. Бирок сот арыз берүү мөөнөтү өтүп кеткенин жүйө келтирип, кароодон баш тарткан. "Клооп Медиа" Бишкек шаардык административдик сотунун чечимине макул болбой Жогорку сотко кайрылган болчу.

"Арызды Жогорку сот карады. Анан Бишкек шаардык административдик сотунун чечимин күчүндө калтырып койду. Биз мындан аркы кадамдарыбызды тактай элекпиз. Жогорку соттон ушундай чечим болгондон кийин кимге кайрылышты да билбей калдык", - деди "Клооп Медианын" шайлоолорго байкоо салуу боюнча долбоорунун координатору Айзирек Алмазбекова.

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

Шайлоо күнү добуш берүү аягына чыккан учурда БШКнын Маалыматтык шайлоо системасы бир өчүп-күйүп, жыйынтыкта башаламандык жаралган. Бир катар партиялар жана жарандык коомдун өкүлдөрү муну "көз боёмочулук" деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылууда.

Президент Садыр Жапаров, Борбордук шайлоо комиссиясы жана Улуттук коопсуздук комитет система техникалык адистердин катасынан улам бузулганын, ал шайлоо жыйынтыгына таасир этпегенин билдиришти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG