Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

Ингушетияда жер алмашууга каршы чыккан жети киши кесилди


Ингушетия менен Чеченстандын ортосунда жер алмашууга каршы чыккан ингушетиялыктар. 29-март, 2019-жыл.
Ингушетия менен Чеченстандын ортосунда жер алмашууга каршы чыккан ингушетиялыктар. 29-март, 2019-жыл.

Ингушетияда сот "жер реформасы" боюнча айыпталган жети кишини 7,5 жылдан 9 жылга чейин эркинен ажыратты.

Алар "экстремисттик топ түзгөн" жана "полицияга каршы зомбулук уюштурган" деген кинелер боюнча күнөөлүү деп табылды. Соттолгондордун баары мындай айыптоолорду мойнуна алышкан жок.

Соттун өкүмү угузулганда, нааразылык акцияларынын башында турган Ахмед Барахоев "Мына демократия. Мына сот адилеттүүлүгү. Эгер өмүр бою кесүүнү сураса, өмүр бою эркимден ажыратмаксыңар" - деди.

"Мемориал" укук коргоо уюму кесилгендердин баарын "саясий туткун" деп тааныганын билдирди. Ал эми Эл аралык мунапыс уюму соттун өкүмүн "сөз эркиндигине жана эркин чогулуу укугуна жасалган сокку" деп атап, соттолгондорду токтоосуз бошотууга чакырды. Алардын адвокаттары доо арыз менен жогорку инстанцияга кайрыларын билдиришти.

2018-2019-жылдары Ингушетияда миңдеген адамдар катышкан ири нааразылык акциялары өткөн. Буга Ингушетия менен Чеченстандын ортосундагы чек араларды аныктоо тууралуу макулдашуу түрткү болгон. Документ боюнча эки өлкө жер айырбаштаган. Бирок эксперттердин эсеби боюнча, Ингушетия Чеченстанга 26 эсе чоң аймакты берген.

Митингге чыккандар жер алмашуу тууралуу келишимди кайра карап чыгууну талап кылышкан. Демонстранттарды полиция күч менен таркаткан. Андан соң жалпысынан 50дөн көп адам кармалып, кылмыш иши козголгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG