Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Бишкекте өзгөчө ыкма менен айтыш өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

19-декабрда Бишкектеги "Асанбай" маданият үйүндө өзгөчө ыкма менен айтыш өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.

Маалыматта айтыш эң алдыңкы технологияларды колдонуу менен өтөрү айтылат.

"Ата-бабаларыбыздын баа жеткис мурасын сактоо жана жаңылоо максатында уюштурулуп жатат. Мурастарды заманбап дизайнда чечмелеп, байлыкты келечек муундарга заманбап форматта, салтты урматтоо менен тартуулоо иш-чаранын башкы максаты", - деди уюштуруучулар.

Айтышта Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова, эмгек сиңирген артист, төкмө акын Амантай Кутманалиев жана манасчы Рысбай Исаков калыс болушат.

Айтыш учурунда Curltai Folk YouTube каналында көрүүчүлөр онлайн добуш бере алат. Жалпы байге фонду 500 миң сом. (МТа)

XS
SM
MD
LG