Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Ысык-Көлдө балык уулоого чыккан эки жарандын сөөгү табылды


14-декабрдан бери дайынсыз болуп жаткан Тоң районунун Кажы-Сай айылынын тургундарынын сөөгү табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 17-декабрда маалымдашты.

Балык уулоого кетип үч күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 56 жана 73 жаштагы Кажы-Сай айылынын тургундарын издөөгө Өзгөчө кырдалдар министрлигинин куткаруучулары менен милиция кызматкерлери, жергиликтүү тургундардан 100дөй адам тартылган.

Бул окуяны иликтөө үчүн ИИМдин аймактык бөлүмүнө табылган сөөктөр өткөрүлүп берилди.

Жыл башынан бери Ысык-Көлдө 18 киши сууга чөгүп кетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG