Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:10

Футбол: президент катышкан оюнду маданият кызматкерлери утту


Президент Садыр Жапаров дарбазага топ тебүүдө.
Президент Садыр Жапаров дарбазага топ тебүүдө.

Кыргыз футболунун 100 жылдыгына карата президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен өткөн достук мелдеште маданият кызматкерлеринен түзүлгөн "Өнөр" командасы жеңүүчү болду. Алар финалда футбол ардагерлеринен түзүлгөн "Алга" командасын 2:0 эсеби менен утту.

3-орун үчүн болгон мелдеште "Президенттин администрация" командасы ишкерлерден түзүлгөн "Бизнес" командасын 5:3 эсеби менен жеңди.

Иш-чара кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен уюштурулган.

Оюнга президенттин администрациясынын, футбол ардагерлеринин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, спорттук федерациялардын өкүлдөрүнүн, бизнес коомчулугунун жана маданият ишмерлеринин командалары катышты.

Оюндар "Спорт" (КТРК) телеканалынын түз эфиринде жана социалдык тармактарагы баракчаларында көрсөтүлдү.

10-декабрда кыргыз футболунун 100 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленген. Кыргызстанда биринчи футбол оюну 1921-жылы Пишпек (азыркы Бишкек) шаарынын жана Верный (азыркы Алматы) шаарынын командаларынын ортосунда болгон. Кыргызстандын "Алга“ командасы СССР чемпионатында биринчи жана экинчи лигада ойногон.

Учурда Кыргызстандын премьер-лигасында сегиз команда бар.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2018-жылы Азия Кубогуна жолдомо алып, ФИФАнын рейтингинде 75-орунга көтөрүлгөн. Бул кыргыз футболунун тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч болуп калды. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG