Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

Өзбекстан картөшкө импорттогон дүйнөдөгү беш алдыңкы мамлекетке кирет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл 11 айда Өзбекстан 455 миң тоннадай картөшкө импорттогон. Бул 2017-жылкы көрсөткүчкө караганда 2,2 эсе көп. Бул тууралуу EastFruit порталы маалымдады.

Өкмөт чет жактан картөшкөнүн уругун алып келип, дыйкандарга күчтөп айдатканы менен жыйынтык чыга элек. EastFruit билдиргендей, быйыл Өзбекстанга картөшкө негизинен Иран, Казакстан, Пакистан, Кыргызстан жана Нидерланддан алып келинген.

Учурда кошуна мамлекетте картөшкөнүн бир килограммынын орточо баасы 4500-5000 сум же 34-36 сомду түзөт. Дыйкандар мунун себебин өкмөт берген сапатсыз уруктан жана бул үчүн бөлүнгөн жердин ылайыксыздыгынан көрүшөт.

Быйыл күздө өкмөт баалардын өсүшүн ооздуктоо үчүн айрым азык-түлүктү, анын ичинде картөшкөнү салыктан бошоткон. Бирок буга карабай Ташкентте картөшкө кымбаттап жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG