Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Октябрь окуясындагы башаламандык боюнча сот 14-январга жылды


"Октябрь окуясы" боюнча айыпталуучулар: Үстүңкү катарда Жеңиш Молдокматов, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов, Курсан Асанов, ылдыйкы катарда Фарид Ниязов, Темирлан Султанбеков, Дамир Мусакеев, Канат Сагымбаев.
"Октябрь окуясы" боюнча айыпталуучулар: Үстүңкү катарда Жеңиш Молдокматов, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Бабанов, Курсан Асанов, ылдыйкы катарда Фарид Ниязов, Темирлан Султанбеков, Дамир Мусакеев, Канат Сагымбаев.

Бүгүн, 17-декабрда Октябрь окуялары боюнча кезектеги соттук териштирүү уланып, кийинки отурум 2022-жылдын 14-январына белгиленди.

Сот отурумунда кылмыш ишине айыпталуучу катары өтүп жаткан Фарид Ниязов, Жеңиш Молдокматов жана Курсан Асановдун адвокаттары аларды үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирип, бирок сот канааттандырган жок.

Былтыр 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алуу менен аяктаган. Башаламандык учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана аны менен кошо камалгандар абактан бошотулган.

Камактан чыккан саясатчылар 9-октябрда Бишкекте өткөн митингге катышкан. Митингде жети киши жабыркап, жаңжал менен аяктаган. Милиция кылмыш ишин козгогон эле.

Анын негизинде Алмазбек Атамбаев, кеңешчиси Фарид Ниязов, мурдагы жансакчылары Канат Сагымбаев, Дамир Мусакеев, Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалып, камакка алынган. Атамбаевдин уулдары Сейит жана Кадыр Атамбаевдер да кармалып, күбө катары көрсөтмө берген соң коё берилген. Кийинчерээк шаардык сот Султанбеков менен Сагымбаевди үй камагына чыгарган.

Курсан Асанов эки жолу кармалып, үй камагына чыккан. Бирок үчүнчү жолу кайра камакка алынып, учурда №50 абакта олтурат.

"Замандаш" партиясы менен 2020-жылдагы шайлоого катышкан, кийин “Туран” партиясын түзгөн Жеңиш Молдокматов быйыл 8-майда камалды.

Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин нааразылык митинги өтүп, 5-6-октябрь күндөрү калайман тополоң чыккан. Андан кийин бийлик алмашып, башкаруу формасын өзгөртүү боюнча референдум өткөн. Парламенттин жетинчи чакырылышынын шайлоосу быйыл, 28-ноябрда өттү. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG