Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:16

Жапаров мигранттардын укугун коргоону убада кылды


Москва. Иллюстрациялык сүрөт.
Москва. Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 18-декабрда дүйнө жүзүндө Мигранттардын эл аралык күнү белгиленүүдө. Мекенин таштап, чет жактан иш издөөгө мажбур болгондордун жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугун коргоо максатында Бириккен Улуттар Уюму бул күндү 2000-жылы негиздеген.

6,5 милиион калкы бар Кыргызстандын 1 миллиондон ашуун жараны чет өлкөлөрдө, көбү Орусияда.

Мигранттардын эл аралык күнүнө карата президент Садыр Жапаров тышта жүргөн кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду жана “Өз Мекениңерде байырлап баар табууга шарт түзүүнүн, чет жерде жүргөндөрдүн укуктарынын корголушун камсыз кылуунун аракетин көрүп жатабыз” деп билдирди.

Орусияга алгач көбүнчө эркектер кетип жүргөн болсо, кийин аялдардын да агымы көбөйгөн. Соңку жылдары бүтүндөй үй-бүлөсү менен көчүп жаткандар да бар.

2020-жылдын эсебине караганда, дүйнөдө 281 миллион адам миграцияда, бул дүйнө калкынын 3,6%. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG